Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

Тажик-өзбек чек арасында эки тажик жараны минага кабылып каза тапты


“Эркин Европа жана Азаттык” радиосунун өзбек, тажик кызматтарынын маалыматтарына караганда, окуя өткөн аптада болгон. Тажикстандын Исфара районунун тургундары, жубайлар: Ойбек Ибрахимов менен Зарифа Каримова чек ара аймагынан минага 25-декабрь күнү отун терип жүргөндө кабылышкан. Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлү Ором Йоровдун “Азаттыктын” тажик кызматына билдиргенине караганда, алар жарылуу болгон жерде каза табышкан.

Тажикстандын мина тазалоо борборунун башчысы Жонмухаммад Ражабовдун айтымында, али өлкөнүн 11 миллион чарчы метрден ашуун аянты минадан тазалоону талап кылат. Ал аймактардын көбү 1992-97-жылдардагы жарандык согуш учурунда миналанган.

Ал эми тажик -өзбек чек арасы 2000 –жылы Өзбекстан Ислам кыймылынын куралдуу согушкерлери Ооганстандан Тажикстан жана Кыргызстан аймагына киргенде, террорчулуккка каршы күрөшүү деген жүйөө менен өзбек өкмөтү тарабынан миналанган. Андан бери чек арадан минага кабылып, Тажикстандын 70тен ашуун жараны каза тапты, 80дейи жаракат алды.

Аяктаган 2009-жылы болсо чек ара аймагында адамдар минага кабылган 9 учур катталды. Төртөөсү өлүм менен аяктады. Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму акыркы жети жылдан бери Тажикстандын аймагын минадан тазалоо долбоорлоруна 5 миллиондон ашуун евро жумшаган.

XS
SM
MD
LG