Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

“Жыйындар тууралуу” мыйзам долбоор кайрадан иштелип жатат


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди. Жарандык коом иштеп чыккан “Жыйындар тууралуу” мыйзам долбоорго карата айтылган сунуштар, кошумчалар киргизилип кайра даярдалып жатканын, долбоор 15-январга чейин даяр болоорун маалымдады. Андан соң өкмөт түзгөн жумушчу топтун өкүлдөрү менен кайрадан чогулуп талкуу өтөт, дейт А. Абдирасулова. Бишкекте 1-декабрда аталган мыйзам долбоор коомчулуктун талкуусуна коюлган. Долбоорду Венеция комиссиясы оң баалаган. Куралсыз тынч жыйындарга чогулуу тууралуу азыркы мыйзамда нааразылык акцияларды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилген. Айрым укук коргоочулардын пикиринде, мындай тыюулар өлкөнүн Баш мыйзамына каршы келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG