“Ата Мекен” партиясынын Жалал-Абад облустук уюмунун саясий кеңеши жаңы жылдан тарта электр кубатынын, жылуулук баасынын кымбатташын “элге каршы саясат” деп сынга алууда. Саясий кеңештин өкүлдөрүнүн жүйөөсүнө караганда, өкмөт бааларды дүйнөлүк чен өлчөм менен эсептеп жаткан менен эмгек акылардын көлөмү көтөрүлгөн жок. Ошол себептүү эл ичинде нааразылык күчөп турган чагы. Бул тууралуу аталган партиянын облустук уюмунун төрагасынын орунбасары К. Жакыпов менен жооптуу катчы А. Текебаев билдирди. (YA)