Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:41

2009-жылы Нарында 21 эне эгиз төрөдү


30-декабрга карата Нарын облустук ооруканасынын төрөт бөлүмү аркылуу жыл башынан бери 2370 эне төрөгөндүгү катталган. Алардын 21 эгиз балалуу болушкан. Ал эми 85 айым Бишкек шаарынан, он сегизи Ысык-Көл облусунан келип көз жаргандар болсо, төртөө Москвада иштеп жүрүп келген. Береги маалыматтар төрөт бөлүмүнүн башчысы Айжан Кукеевадан алынды. Учурда 38 жаш ымыркайлуу энелер дарыгерлердин көзөмөлүндө төрөтканада жатышат. Тилекке каршы, быйыл кош бойлуу үч адам каза болгон.
“Жаш кыз-келиндер сыртка кетип, төрөрүнө аз күн калганда гана келишүүдө. Каза болгондордун бирөө Якутиядан келген болсо, дагы бири Бишкекте кийим тигүүдө иштеп жүргөн экен. Алар боюнда бар учурда бир да жолу дарыгерлерге көрүнүшпөптүр. Ал эми үчүнчүсү айылда жүрө берген экен”,-дейт Айжан Кукеева. (KUs).

XS
SM
MD
LG