Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Өзбек президенти И.Каримов кыргыз элин жаңы жыл менен куттуктады


Бул тууралуу Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Жакында эле кыргыз премьер-министри Данияр Үсөнов Ташкентке иш сапар менен барып келген. Анда тараптар "Камбарата-1" ГЭСинин курулушун эларалык экспертизадан өткөрүүнү, Ысык-Көлдөгү пансионаттар проблемасын чечүүнү сүйлөшүп, келерки жылга газ алуу боюнча макулдашкан. Бирок расмий Ташкент көгүлтүр отундун баасын жаңы жылдан тарта канчадан сата турганын айтпай, европалык баа менен берилерин билдирген. Кыргызстан Өзбекстандан азыр газдын миң кубометрин 240 доллардан сатып алат. Д. Үсөнов келерки жылдан тарта газдын баасы кичине арзандашы ыктымал экенин маалымдаган. Аталган эки коңшу мамлекеттин алака-катышы энергетикалык проблемалардын улам соңку учурда соолгундап кеткен. (EBM)

XS
SM
MD
LG