АКШнын Индонезиядагы элчилиги жасаган эскертүүгө караганда, бул өлкөнүн чет элдиктер көп келген Бали аралындагы курортто террордук акт Жаңы жылда жасалуусу мүмкүн. Жаңы жыл түнү терракт жасалуу ыктымалдуулугу бар экендиги тууралуу АКШ элчилигине Балинин губернатору кабарлаган. Балиде Батыш туристтерин бутага алган чабуулдар буга чейин бир нече ирээт болгон. Алардын эң ири 2002-жылдын октябрында жасалып, андагы жардыруудан 202 киши каза тапкан.