Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:27

Президент Кыргызстандыктарды жаңы жыл менен куттуктады


Өлкө башчысы Курманбек Бакиев Улуттук телерадио берүү корпорациясы аркылуу 31-декабрдан 1-январга караган түнү саат 24тө Кыргызстан элин жаңы жыл майрамы менен куттуктады.
Анда президент, 2009-жылы экономикалык жана каржы кризиси Кыргызстанды кыйгап өтпөгөнүн, бирок кыйынчылыктар менен кошо эле өтүп бараткан жыл өлкөнү жаңылоого үмүт жаратканын белгиледи.

К.Бакиев: “Кыргыз Республикасынын Президенти катары мага дагы бир жолу ишеним мандатын тактыңыздар. Жыл тогошкон маалда мен өлкөнү жаңылоо, турмуш деңгээлибизди жакшыртуу боюнча сиздердин үмүттү актоо үчүн колумдан келгендин баарын жасайм деп кыргызстандыктарды ишендирип кетем”,-деди.

Ошондой эле өлкө башчысы масштабдуу реформаларга киришүүнүн максаты экономикасы өнүккөн, коому ынтымак-ырашкерлүү, элинин рухий дүйнөсү бай, дени сак мамлекетти куруу болуп саналарын баса белгилеп, 2010-жылы балдардын жаркын келечеги, ар бир үйбүлөнүн байгер жана бейпил турмушун камсыз кылуунун үстүндө талыбай иштей беришерин кошумчалады.

“2010-жыл бардык багыттар боюнча реформаларды жайылтуунун жылы болот. Бийлик институттарын жаңылоо уланат. Дени сак жана билимдүү улутту калыптандыруунун, ири инвесторлорду тартуу жана региондорду өнүктүрүүнүн комплекстүү программалары кеңири жайылтылат.Биздин өлкө туруктуу өнүгүп, нукура көз карандысыздыкка ээ болуп, тынчтыкта жана ынтымакта жашоого тийиш”,-деди Курманбек Бакиев. (AJ)

XS
SM
MD
LG