Ирандагы оппозициянын лидери Мирхусейн Мусави бүгүн интернеттеги сайтында жарыялаган билдирүүсүндө өткөн жылкы президенттик шайлоодон кийин камалгандарды тезинен түрмөдөн чыгарууну бийликтерден талап кылды. Анын ишениминде, өлкөдөгү өкмөт тараптан айтылып жаткан “катаал билдирүүлөр” ички чыңалууну күчөтөт. Буга чейин шейшембиде өлкөнүн руханий лидери Аятолла Али Хаменейи оппозициянын лидерлерин “Аллаанын душмандары” деп атап, алар өлүмгө өкүл кылынышы керек деген.