Бүгүн Ооган парламенти президент Хамид Карзай сунуш кылган өкмөттүн жаңы курамына добуш берүүнү баштады. Депутаттар министрлик орунга көрсөтүлгөн 24 адамдын ар бирине өз-өзүнчө бюллетен ыргытышат. 20-декабрда президент Х.Карзай коррупцияга каршы күрөштө жаңы өкмөткө ишеним чоң болуп турганын айткан. Быйыл кайра президенттикке шайланган Х.Карзайды мамлекетти башкаруудагы кемчиликтери жана өлкөдөгү коррупция үчүн Батыш мамлекеттери сынга алып келатат. Өз иштери менен эл аралык коомчулуктун купулуна толгон Коргоо, Ички иштер жана Каржы министрлери өз ордуларында калышты. Ал эми коррупцияга тиешеси бар делген Кен байлыктар министри, ошондой эле, Ажы министри жаңы өкмөттүн курамына киргизилген эмес.