Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:57

Ооган парламенти жыйырма төрттөн жетөөнү гана тандады


2-январда Ооган парламенти президент Хамид Карзай сунуш кылган өкмөттүн жаңы курамына добуш берди. Министрлик орундарга көрсөтүлгөн 24 адамдын жетөө гана парламенттин сынынан өтүштү. Алардын арасында Коргоо, Ички иштер жана Каржы министрлери бар. Абдул Рахим Вардак депутаттардын сынынан өтүп, Коргоо министри болуп калды. Ал эми энергитика министрине көрсөтүлгөн Исмаил Хан менен Юстиция министрлигине көрсөтүлгөн Сарвар Дениш парламенттен кулашты.

XS
SM
MD
LG