Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:28

Пакистандагы жардыруудан 91 адам каза тапты


1-январда Пакистандын түндүк-чыгышында жасалган жардыруудан 91 адам каза тапты. Окуя Лакки Марват деп аталган аймакта волейбол мелдешин көрүп жаткан адамдардын арасында болду. Бул аймактын эли талиптерге каршы күрөшө турган уюм түзүшкөн эле, жардыруу ошонун өчү катары эсептелип жатат. Кошмо Штаттары менен Улуу Британия жардырууну кескин сынга алышты. АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон экстремизге каршы күрөштө Кошмо Штаттары Пакистанды колдоого ала бермекчи, деп билдирди. Бул өткөн жылдын 28-октябрынан берки Пакистандагы ири жардыруунун бири болуп калды, ал ирет базардагы кандуу окуядан 120 адам каза тапкан эле.

XS
SM
MD
LG