Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

«Аватар» фильми миллиард доллар жыйнады


АКШнын атактуу кино режиссеру Жеймс Камерондун «Аватар» деп аталган жаңы фильми дүйнөлүк кинотеатрлардан 1 миллиард доллар жыйнады. Ал муну менен дүйнөдөгү эң көп акча чогулткан төрт фильмдин катарына кирди. Топ башында ошол эле Жеймс Камерондун мындан мурда тарткан «Титаник» фильми 1 миллиард 800 млн. доллар менен биринчи орунда. Ал эми экинчи жана үчүнчү орундарды миллиард доллардан ашык жыйнашкан «Шакектин эгеси: Королдун кайтышы» ($1 млрд.120 млн.) жана «Кариб деңизинин каракчылары» ($1 млрд .70 млн.) фильмдери турат.

XS
SM
MD
LG