Бириккен Арап Эмираттарынын борбору Дубай шаарында бийиктиги 800 метр келген дүйнөдөгү эң бийик мунара ачылууда. Ал «Burj Dubai» же «Дубай мунарасы» деп аталат. Буга чейин дүйнөдөгү бийик курулуш катары Тайвандын Тайпей шаарындагы бийиктиги 508 метр келген имарат эсептелип келген. «Дубай мунарасы» 5 жыл мурда түптөлгөн, анын чиймесин италиялык белгилүү дизайнер Жоржио Армани чийген. Мунараны курууга миңдеген адамдар катышты. Баасы болсо 1, 5 миллиард доллар. Мунарада ресторон, мейманкана, иш кеңселери сыяктуу көп нерселер бар. Кожоюну - Шейх Мухаммад бин Рашиид ал-Мактоум.