Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:10

Жер титирөөдөн мургабдык кыргыздар жабыркаган жок


Бул тууралуу Тоолуу Бадахшан автоном облусуна караштуу Мургаб районунун акими Майрамбек Тойчиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда Тажикстандын түштүк-чыгышында болгон жер титирөөнүн эпкини кыргыздар жашаган аймакка жеткен эмес. Эч кандай кыйроолор да, жабыр тарткандар да жок деп билдирди Мургаб районунун акими.

Мурда кабарлангандай 2-январдын таңында Тажикстандын түштүгүндөгү Ванч районунда күчү 5,3 баллга жеткен силкинүү болуп, миңдеген үйлөр кыйраган.(ZKo)
XS
SM
MD
LG