Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:30

Батыш өлкөлөрү Йемендеги элчиликтерин жабышууда


Франция террор коркунучунан улам Йемендеги элчилигин жапты. Француз тышкы иштер министрлиги билдиргенине караганда, элчи Йемендеги француз жарандарын этият болууга жана эки жакка көп каттабоого чакырды. Буга чейин АКШ жана Британия бул өлкөдөгү дипломатиялык миссияларын жапкан. Кечээ президент Обаманын терроризмге каршы күрөшүү боюнча кеңешчиси Жон Бреннан Ал-Кайида Йеменде Батыштын мекемелерине каршы теракттарды даярдап жатат деген шектенүүлөр жөнүндө маалымдаган. 25-декабрда нигериялык бир адам АКШга бараткан учакты жардырууга аракеттенген. АКШ президенти Обама аны Ал-Кайиданын Йемендеги согушкерлери машыктырып, куралдандырган деп айыптады.

XS
SM
MD
LG