Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:39

Х.Клинтон: Йемендеги кырдаал дүйнөгө коркунуч туудуруп жатат


Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Йемендеги кырдаал аймакка жана бүтүн дүйнөгө коркунуч келтирет деп билдирди. "Биз Йемендеги согуштун жана «Ал-Каиданын» Йеменде күчкө толуп атышынын глобалдык каскагын көрүп жатабыз. Ал бул аймактан тышкаркы жердерде да террордук чабуулдар катары колдонулушу ыктымал", - деди ал.
«Ал-Каида» жаңы чабуулдарга камданып жатат деген маалыматтар тарагандан кийин Кошмо Штаттары, Британия жана Франция Йемендеги элчиликтерин убактылуу жабышкан болчу. Ал эми АКШнын аэропортторунда болсо коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Атап айтканда, эми ар бир жүргүнчү адамды алаканга салгандай көрсөтө турган сканерлерден өтөт.
Террорго каршы күрөш иштери 25-декабрда түбү Нигериялык Умар Фарух Абдулмуталлаб Амстердам-Детройт багытындагы учакты жардырмакчы болгондон кийин күчөтүлүп отурат.

XS
SM
MD
LG