Дубай шаарында кечээ бийиктиги 828 метр келген дүйнөдөгү эң бийик мунара ачылды. Ал алгач «Burj Dubai» же «Дубай мунарасы» деп аталды эле, кийин Бириккен Арап Эмираттарынын президенти жана чектеш Абу-Дабинин эгеси Шейх Халифа бин Зайед ал-Нахаиндин урматына “Burj Khalifa» же «Халифанын мунарасы» деп кайра аталды. Буга чейин дүйнөдөгү бийик курулуш катары Тайвандын Тайпей шаарындагы бийиктиги 508 метр келген имарат эсептелип келген. «Дубай мунарасы» 6 жыл мурда түптөлгөн, анын чиймесин италиялык белгилүү дизайнер Жоржио Армани чийген. Мунараны курууга миңдеген адамдар катышты. Баасы болсо 1, 5 миллиард доллар болду. Мунарада ресторон, мейманкана, иш кеңселери сыяктуу көп нерселер бар. Кожоюну - Шейх Мухаммад бин Рашиид ал-Мактоум.