Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Ички иштер органдары боюнча мыйзам долбоор экспертизадан өткөрүлүп жатат


“Ички иштер органдары тууралуу” жаңы мыйзамдын долбоору учурда Акыйкатчы институтунда экспертизадан өткөрүлүп жатканын “Азаттыкка” акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Экспертизанын жыйынтыктары коомчулукка жарыяланаарын маалымдады. Өткөн жылдын декабрь айынын башында Ички иштер министрлиги аталган мыйзам долбоор боюнча талкуу уюштурган. Анда мыйзам долбоордун такталчу жерлери арбын экени айтылган. Жаңы мыйзам долбоордо жарандардын документтерин кандай себептерден улам текшерүү зарылдыгы толук жазылбаганы, атайын каражаттарды жана атайын техникаларды кандай убакта колдонуу керектиги так көрсөтүлбөгөнү белгиленген. Өлкөдөгү айрым укук коргоочулар бул мыйзам долбоордо жарандардын укугуна шек келтирген беренелер бар экенин белгилеп жатышат. ИИМдин өкүлдөрү мыйзам долбоор эл аралык жана КМШ өлкөлөрүнүн тажрыйбасына ылайык иштелип чыкканын билдиришкен. (EBM)

XS
SM
MD
LG