Акыйкатчы институту БУУнун өнүктүрүү программасы, качкындар жана адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарлык, ЮНИФЕМ, ЮНИСЕФ эл аралык уюмдары менен бирге иштешүүнүн 2010-жыл үчүн программасын 4-январдагы отурумунда бекитти. Бул тууралуу Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Акыйкатчы институтунун деңгээлин көтөрүү багытында үч жылдык программага жогорудагы эл аралык уюмдар 820 миң доллар каражат бөлүүнү караштырган. “Кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча долбоорду ишке ашырууга Евробиримдик 75 миң фунтстерлинг бөлгөнү жатат. Бул каражаттарга укуктук жаткан окууларды, семинар, конференцияларды өткөрүп, Акыйкатчы институтунун адисттеринин кесиптик деңгээлин жогорулатабыз”,-дейт Турсунбек Акун. (AJ)