Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:33

ЦРУ кызматкерлерин өлтүргөн адам "Ал-Кайиданын" агенти болчу


Ооганстанда жакында ЦРУнун 7 агентин жана Иордания чалгындоо кызматынын офицерин өлтүргөн жанкечти "Ал-Кайиданын" кишиси болчу. Бул тууралуу АКШнын NBC News телеканалы Батыштын чалгындоо кызматтарына шилтеме жасап кабарлады. Маалыматка ылайык, кол салууну ишке ашырган адам иорданиялык доктур Халил Абу-Мулал ал-Балави мурда "Ал-Кайидага" жан тартчу. Кийин ал камакка алынып, Иорданиянын чалгындоо органдары менен кызматташа баштаган. Халил Абу-Мулал ал-Балавиге согушкерлерге кошулуп, алардын жогорку лидерлери кайда жайгашканын аныктоо тапшырмасы берилген. Кабарларга караганда, ал коопсуздук органдары менен кызматташууга көнгөндөй болуп, иш жүзүндө террордук уюмдан чыккан эмес. АКШнын Борбордук чалгындоо башкармасы – ЦРУ бул маалыматты комментариялоодон баш тартты.

XS
SM
MD
LG