Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Грузияда орус тилиндеги жаңы телеканал ачылды


“Биринчи Кавказ Каналы” президент Михаил Саакашвилинин демилгеси менен түзүлгөн. Ага мамлекеттик бюджеттен 3 миллион доллардай каражат бөлүнгөн. Канал Грузиядан тышкары бир катар чет мамлекеттерде, анын ичинде Россияда көргөзүлүп турмакчы. Алып баруучулардын арасында Москвадагы “Экстремалдык журналистика борборунун” жетекчиси Олег Панфилов, Ичкерия президенти Жохар Дудаевдин жесири Алла Дудаева бар. Саакашвили канал антироссиячыл үгүт үчүн түзүлгөн деген айыптоолорду четке какты. Грузин оппозициясы болсо телеканал Россия менен жаңы согушка түрткү бериши ыктымал деп, аны "проовкация" катары баалады.

XS
SM
MD
LG