Кытайдын Улуттар уюмундагы элчиси Чжаң Есуй Иранга каршы санкция киргизүүгө азыр эрте деп билдирди. Анын айтымында, дипломатиялык иштерге көп убакыт жана сабырдуулук зарыл. Кошмо Штаттары жана анын өнөктөштөрү Иран өзүнүн өзөктүк программасы боюнча эл аралык коомчулук менен кызматташуудан баш тарткандан кийин ага каршы санкция киргизүү демилгесин көтөрүшкөн эле. АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Иран менен сүйлөшүүгө даяр экенине карабай, Кошмо Штаттары өз союздаштары менен Тегеранга басым жасоонун жолдорун ойлоп жатканын кечээ айткан болчу. Дүйнө коомчулугу Иран өзөктүк курал жасап жатат деп тынчсызданып келатат.