Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Түркмөнстан- Иран газ кууру ишке кирет


Бүгүн Ашхабадда Түркмөнстандын президенти Курбангулы Бердимухамедов менен Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад эки мамлекеттин ортосундагы экинчи газ куурунун ачылышына катышмакчы. Довлетабад-Хангиран газ кууру Иранга сатылып жаткан түркмөн газынын көлөмүн эки эсеге көбөйтөт. Ошондо Иран эми жыл сайын 20 млрд. куб метр газ ала баштайт.
Декабрь айында Түкмөнстанда Кытайга кеткен дагы бир газ кууру ачылган, анын аркасында Ашхабад Кытайга жылына 40 млрд. куб метр газ сатмакчы.

XS
SM
MD
LG