Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Кыргызстанда быйыл 12 чакан ГЭС курулат


Бул тууралуу Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин алдындагы чакан жана орто ГЭСтер боюнча дирекциянын жетекчисинин орун басары Валерий Диль бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 1.5-2 мегаватт кубаттуулуктагы ГЭСтер Ысык-Көл, Талас, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында курулат. Долбоорлордун баары каржы менен камсыздалган. 150 млн. доллар насыя даяр турат. Маселе болгону адистердин жетишпегендигинде жана жабдууларды жасоо кечигип жатышында болуп жатат. Чакан жана орто ГЭСтер дирекциясы быйылкы жылы Сокулук жана Таласта бирден чакан ГЭСти ишке киргизмекчи. (AiT)

XS
SM
MD
LG