Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:11

Сомдун курсу төмөндөдү


Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында улуттук валюта сомдун курсу АКШ доллары жана еврого карай төмөндөдү. 6-январда акча алмашуу жайларында 1 доллар 44 сом 50 тыйын, ал эми бир 1 евро 64 сом 50 тыйындан сатылууда. Салыштырмалуу орус рубли жана казак тенгесине карай сомдун катышы туруктуу турат. Жаңы жылдын алдында 1 АКШ доллары 44 сомдун тегерегинде болуп турган. Сомдун курсунун төмөндөшү майрамдык мезгил жана банктардын иштебей турушу менен байланыштуу экенин адистер белгилешүүдө. Кыргызстанда банктар 11-январдан тарта ишке кириши белгиленген.(AiT)

XS
SM
MD
LG