Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

Борис Тадич Кристмас майрамын Косоводо белгилейт


Серб президенти Борис Тадич ортодокс христиандардын Кристмас майрамын Косоводо белгилейт. Косовонун премьер-министри Раме Манай "Азаттыкка" билдиргендей, Тадичтин сапарына Евробиримдик суранганынан уруксат берилди, бирок ал саясий билдирүүлөр жасабашы керек деген шарт коюлду. Сербия президенти сербиялык христиандар үчүн ыйык жай саналган Високи Дечани кечилканасындагы диний жөрөлгөгө катышат. Косово Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялагандан бери Тадич 2-ирет гана чөлкөмгө бармакчы.

XS
SM
MD
LG