Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Кыргызстандык аскерлер Транзиттик борбордон тренингден өтүштү

Эл аралык “Манас” аэропортунда жайгашкан Транзиттик борбордо америкалык аскер адистери кыргызстандык кесиптештерин жарылуучу куралдарды зыянсыздандырууга үйрөтүштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” борбордун басма сөз кызматынан 6-январда маалымдашты. Декабрь айынын аягында дээрлик бир жумага созулган тренингде кыргыз офицерлери окуп гана тим болбой, иш жүзүндө да машыгып, тажрыйба алмашты. Тренингдин соңунда кыргыз-америка аскерлери пикир алмашып, терроризмге каршы чогуу күрөшүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Эл аралык “Манас” аэропортунда жайгашкан АКШнын Транзиттик борбору Ооганстанга аскердик эмес багыттагы жүктөрдү ташып жеткирүү максатында 2009-жылдын июнь айында түзүлгөн.(ZKo)
XS
SM
MD
LG