Бул тууралуу Аликбек Жекшенкулов “Азаттыка” бүгүн маалымдады. Кезектеги соттук отурумда коюлган айыптар боюнча Жекшенкуловдун көрсөтмө берүүсү белгиленген. Маалым болгондой мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов министр кезинде Кытай грантын пайдаланууда кемчилик кетирген, сыйлыкка алган тапанчасы менен Таласта түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деп айыпталууда. Жекшенкулов айыптарды четке кагып, оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн куугунтукка алынып жатканын билдирип келген.(AiT)