Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:41

Акыйкатчынын жылдык отчетуна жаштар параграфы кирет


Бул тууралуу “Азаттыкка” жаш укук коргоочу Гүлшайыр Абдырасулова маалымдады. Анын айтымында, жаш укук коргоочулар региондордо жаштар арасында укук маселесин иликтеп, мониторинг жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында жаштардын көбү өз укуктарын билбей тургандыгы, билгендери укугун коргоп чыгуудан корко турганын көрсөткөн. “Парагарафтын жылдык отчетко кошулушу – бул биздин, жаш укук коргоочулардын жетишкендиги эмес мамлекетин жетишкендиги болуш керек. Тилекке каршы, биз өзүбүз сурадык”, - дейт Г.Абдырасулова. Жаштар параграфына жаштардын, аялдардын, балдардын жана убактылуу кармоо жайындагы адамдардын укуктары тууралуу маалыматтар камтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG