Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Кылмышка аралашкан балдарды акысыз окутуу улантылат


“Укук борбору” коомдук фонду 2010-жылы да кылмышка аралашкан балдарга акысыз окууларын улантат. Анда адистер өспүрүм балдарды кылмыш жасабаганга чакырып жана өз укуктарын туура пайдалануу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзмөкчү. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фонддун эксперти Айжан Кадырова бүгүн билдирди. Анын айтымында, ювеналдык юстиция, башкача айтканда жашы жете элек өспүрүмдөрдү кылмыш жообуна тартууну жумшартуу зарыл. “Өспүрүм балдар жабык абактарга барбастан, мамлекет кандайдыр бир стратегияны ойлоп чыгышы керек. Бир эле сот, тергөөчү чоң кишилерди деле, өспүрүмдөрдү деле карай бергени туура эмес. Биз бул багытта да жаңы долбоорлорду даярдап жатабыз”, - дейт А.Кадырова. (КЕ)

XS
SM
MD
LG