Аталган комитеттин мүчөсү Таалайбек Зикировдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча нааразылык иш-чарасы Алай районунун акимчилигинин алдында болот. Акциянын катышуучулары соттон адилеттикти талап кылып, райборбордо митинг өткөрүп, жөө жүрүшкө чыгышмакчы. Таалайбек Зикировдун белгилөөсү боюнча нааразылык акциясын өткөрүү тууралуу маалымдама мыйзам чегинде жергиликтүү бийликке алдын ала берилген.
11-январда Бишкекте да соттун адилеттигин талап кылган митинг гарнизондук аскер сотунун алдында болорун БЭКтен “Азаттыкка” маалымдашты. Ага бейөкмөт уюмдар, саясий партия, кыймылдардын өкүлдөрү катышмакчы.
Мурдагы коргоо министри И. Исаковдун жердештери ага тагылып жаткан айыптоолорду негизсиз, бийликтин куугунтугу деп белгилеп, буга чейин да бир катар нааразылык акцияларына чыгышкан.(ZKo)