25-декабрда америкалык учакты жардырмакчы болгон Умар Фарух Абдулмуталлаб «Ал-Каиданын» катарына кабыл алынгандан кийин, Йемендеги радикал Анвар ал-Авлаки менен жолукканы белгилүү болду. Бул тууралу Йемендин коргоо жана коопсуздук кызматы билдирди. Бул уюмдун жетекчи орун басарынын айтымында, Йемендеги радикал Анвар ал-Авлакинин өзү болсо Крисмаст күндүн алдында абадан жасалган чабуул маалында каза тапкан.