Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Египеттик христиан-араптар менен полициянын кагылышуусу болду


Египеттин Наг-Хамади шаарында коп деп аталган христиан дининдеги араптар менен полициянын кагылышуусу болду. Мындан мурда Ыйсанын туулган күнүнө сыйынып, храмдан чыгып келаткан христиан дининдеги араптарга белгисиз бирөө ок атып, андан 7 киши каза тапкан болчу. Айрым маалыматтар боюнча, ноябрда бул жерде мусулман кыз зордукталган жана бул кылмышты мусулмандар христан дининдеги бир адамдан көрүп атышкан, ошондон улам окту балким өч алууну каалагандар атты деген божомол бар. Полиция менен кагылышуу 7 кишинин сөөгүн коюу учурунда беш миңдей христиандардын арасында айрымдары мусулмандардын мечитине таш ыргыткандан кийин чыккан. Күч органдары көздөн жаш агызуучу курал колдонушту.

XS
SM
MD
LG