Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:03

Бүгүн Элвис Преслинин туулган күнү

Рок–энд–Роулдун падышасы аталган Элвис Пресли мындан туура 75 жыл мурда 1935-жылы 8-январында жарык дүйнөгө келген. Ал дүйнөдөгү музыка жаатында атагы таш жарган музыканттар менен топтор арасында популярдуулугу боюнча үчүнчү орунда турат деген маалыматтар бар. Анын ырлары бүгүнкү күнгө чейин дүйнөлүк хит-параддардан түшпөй келатат. Легендарлуу ырчы 1977-жылы 42 жашында каза тапкан. Бүгүн Кошмо Шттарында аны эскерүүгө арналган эки көргөзмө - Вашингтондо жана Лос-Анжелесте өтөт.
XS
SM
MD
LG