Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

“Дордой-Динамонун” африкалык эки оюнчусу кайда?


“Дордой-Динамонун” эки оюнчусу Тажикстанга кетип калышты, деген маалыматтын чын-төгүнү аныктала элек. Алардын кайда экендиги такталып, бул маселе жакынкы күндөрү ачыкталат. Себеби түзүлгөн келишим боюнча Таго менен Тетте команданы таштап өз алдынча кетүүгө укугу жок, деп аталган команданын экинчи машыктыруучусу Замир Жумагулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Дордой-Динамо” футбол командасынын оюнчулары африкалык коргоочу Дэниэл Таго менен кыргыз паспорту бар Дэвид Тетте кышкы эс алуудан кийин 2-январда команданын машыгуусуна келишкен эмес. Учурда “Дордой-Динамо” командасы Москвада 16-январда башталуучу Шериктеш жана Балтика өлкөлөрүнүн кубогу үчүн мелдеште ат салышканы машыгуу үчүн кетишкен. Айрым интернет сайттар Кыргызстандын былтыркы жылы мыкты футболчусу деп табылган Таго менен 2008-жылдын эң мыкты бомбардири Тетте “Дордой-Динамо” командасы менен түзүлгөн келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуп, өз алдынча Тажикстандын “Вахша” командасына өтүп кетишкенин жазып чыгышты. (AJ)

XS
SM
MD
LG