Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

Обама чалгын кызматынын катасын оңдоого убада берди


Бул маселе тууралуу АКШнын президенти Барак Обама акыркы үч күндө эки ирет билдирүү жасады. Коопсуздук кызматтары 25-декабрда Американын учагын жардырууга аракет кылган нигериялык жанкечтини токтотуп кала алышпаганына жоопкерчиликти Обама өзүнө да ала турганын айтты. “Ал-Каиданын” жанкечтиси учакты жардырам дегенде аны учактын өзүндөгү экипаж менен жүргүнчүлөр токтотуп калышкан. Президент эми коопсуздук кызматтары ишти күчөтүп, этият болушат деп сөз берди. Бейшембиде ал окуя боюнча иликтөөчүлөрдүн доклады жарыяланып, анда чалгын кызматтары орой катачылыкка жол беришкени айтылган.

Ал аралыкта бүгүн ошол жанкечти, нигериялык Умар Фарук Абдумуталлаб Детройтто соттолот. Ага “адам өлтүрүүгө аракет кылган, массалык кыргын куралын колдонууга далалат жасаган” деген өңдүү бир топ айыптар тагылууда.

XS
SM
MD
LG