Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Жаштар саясатын ишке ашырууга 67 миллиондой сом бөлүнөт


Республикалык жаштар союзунун төрагасы Рустам Юсуповдун “Азаттыкка” билдиришинче, анын элүү миллиону Жаштардын республикалык фондуна берилет. Бул каражат өлкөдөгү демилгелүү жаштардын мыкты делген долбоорлорун каржылоо үчүн жумшалат. Р. Юсупов долбоорлорду тандап алуу үчүн он алты адамдан турган жумушчу топ түзүлгөнүн маалымдады. Алардын сегизи мамлекеттик органдардын, калганы жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турат. Былтыр Кыргызстанда “Жаштар саясаты тууралуу” жаңы мыйзам кабыл алынган. Мыйзамда фонд түзүп активдүү, таланттуу жаштардын долбоорлорун колдоо тууралуу берене кирген. (EBM)

XS
SM
MD
LG