Израилдин өкмөт башчысы Бенямин Нетаняху Египет менен чек арага тосмолорду тургузуу планын жактырды. Мыйзамсыз мигранттар менен согушкерлерден коргонуу үчүн чек арага көзөмөлдөөчү жабдыктар орнотулмакчы. Премьер бул стратегиялык чечим “Израилдин демократиялык мүнөзүн сактап калуу үчүн” кабыл алынды деп билдирди. Ошол эле маалда Нетаняху согуш аймактарынан келген качкындар үчүн өлкө ачык деди.