Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Максим Бакиев Кытайда иш сапарда


Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси М. Бакиев баштаган кыргызстандык делегация кечээ Кытайга үч күндүк иш сапары менен кетти. М. Бакиевди каржы министри Марат Султанов, энергетика министри Илияс Давыдов жана башка расмий өкүлдөр коштоп жүрүшөт. Президенттик басма сөз кызматынын маалыматы боюнча иш сапар учурунда делегация Кытайдын бир катар расмий өкүлдөрү, ири ишканалардын жетекчилери менен жолугушмакчы. Бүгүн алар коңшулардын аэрокосмикалык илим жана өнөр жай корпорациясынын 3-академиясы менен таанышышат, түштөн кийин М. Бакиев Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин вице-премьери Чжан Дэцзян жана темир жол министри Лю Чжицзюн менен жолугушуусу белгиленген.
Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновацияларбоюнча борбордук агенттиктин жетекчиси М. Бакиев ээлеген кызматынын алкагында алкагында алгачкы расмий иш сапарга чыгып отурат. Президенттин уулу бул кызматка дайындалганда айрым саясат талдоочулар президент Курманбек Бакиев уулун так мураскерлигине даярдап жатат деп айтып чыгышканы белгилүү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG