Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:28

Бүгүн Биокөптүрдүүлүктүн эл аралык жылы башталат


2010ду Биокөптүрдүүлүктүн эл аралык жылы катары Улуттар уюму жарыялаган. Анын башталышына арналып, бүгүн Берлинде өтүүчү салтанатка БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун, немец канцлери Ангела Меркелдин катышуусу күтүлүүдө. БУУнун 2010ду Биокөптүрдүүлүктүн жылы деп жарыялоодогу максаты – жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн жоголуп жатышы боюнча маалымдуулукту күчөтүү жана ага каршы чара көрүү. 2002-жылы Иоханесбург шаарында өткөн саммитте дүйнө өкмөттөрү биокөптөрдүүлүктүн жоголуу деңгээлин 2010 –жылга карата глобалдык, аймактык жана улуттук деңгээлде кыйлага кыскартууну макулдашкан эле. Бирок, эксперттердин айтымында, бул милдет орундалчыдай эмес.

XS
SM
MD
LG