Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:40

Астанада Г.Павлюктун өлгөн окуясы боюнча атайы брифинг өтөт


13-январда Астанада өтө турган брифингде Казакстандын ИИМ кыргызстандык журналист Г.Павлюктун өлүмү боюнча тергөө иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен тааныштырат. Бул тууралуу Казакстандын ИИМинин басма сөз кызматкери Куанышбек Жуманов билдиргенин CA-NEWS (KZ) маалымат агенттиги маалымдайт.

Казак ИИМи журналисттин өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында казак полициясы тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын, аны менен бирге топтолгон маалыматтар менен далилдерди кыргыз тарапка өткөрүп берүү маселеси чечилип жатканын кабарлайт.

Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюкту 16-декабрда Алматынын Фурманов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 6-кабатынан белгисиз бирөөлөр ыргытып жиберишкен. Ал ооруканада оор абалда эсине келбей жатып, 22-декабрда кайтыш болгон эле.

Кыргызстандык оппозициялык саясатчылар журналисттин өлүмүн кесиптик ишмердиги менен байланыштырып, бул ишти саясий буюртма катары баалашууда.(EK)

XS
SM
MD
LG