Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

«Азия Курулуш» компаниясынын жетекчиси ачкачылык жарыялады


Убактылуу тергөө абагындагы «Азия Курулуш» компаниясынын жетекчиси Адина Турдубаева бүгүн ачкачылык жарыялады. Акыйкатчынын басма сөз кызматы кабарлагандай? буга чейин А. Турдубаева 22-декабрда да ден-соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүп берүү суранычы четке кагылганда ачкачылык кармап, бирок бир катар укук коргоочулардын кийлигишүүсү менен аны убактылуу токтоткон эле. Шылуунчулук үчүн айыпталып жаткан абактагы ишкер бүгүн тартип коргоо органдарынын мамилесине каршылык көрсөтүп, кайрадан ачкачылык кармоого өткөнү кабарланып жатат. Орусиянын жараны болгондуктан А. Турдубаева орус президенти Д.Медведевге кайрылуу жолдоп, укугун коргоп берүүнү өтүнүүдө. (EK)

XS
SM
MD
LG