Жыйынтыгы бүгүн жарыяланган сурамжылого караганда, оогандардын келечекке ишеними бир жыл мурдагыга караганда, кыйла жакшырган. Эл аралык медиа уюмдар жүргүзгөн сурамжылоого тартылган 1500 оогандын 70%ы бул ирээт өлкө туура багытта кетип жатат деп эсептешерин билдиришкен. Былтыр бул көрсөткүч болгону 40% эле.
Мындан сырткары төрт оогандын үчөөсү одоно бурмалоолор жөнүндөгү ырастоолорго карабай, былтыр күздөгү президенттик шайлоо жыйынтыгына канааттанарын айтышкан. Ушул эле сандагы оогандар президент Хамид Карзай коопсуздук жана экономикалык жагдайды жакшырта аларына ишенерин билдиришкен. Ошол эле учурда суралгандардын 95%ы коррупцияны өлкөнүн эң башкы көйгөйү деп эсептешет. Сурамжылоону өткөн жылдын декабрь айында америкалык ABC, германиялык ADR, британиялык BBC компаниялары өткөргөн.
Бул аралыкта бүгүн Ооганстандагы уруштарда эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн алты аскери мерт болду. Бул тууралуу НАТО уюму билдирди. Муну менен жыл башынан бери каза тапкан чет элдик аскерлер саны 15ке жетти.