Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

И. Исаковдун адвокаты жогорку сот бутагына кайрылат


Адвокат Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча 11-январда чыккан сот чечимин алууга бүгүн мүмкүн болгон жок: Жактоочулар чечимди алары менен жогорку инстанцияга –республикалык аскердик сотко кайрылмакчы.

Кечээ Бишкек аскердик гарнизондук соту мурдагы коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы И. Исаковду генерал-лейтенанттык чинин алуу менен 8 жылга эркинен ажыратты. 2008-жылы Башкы прокуратура И. Исаковго “министр болуп турган учурда кызмат абалынан пайдаланып, офицерлердин балдары үчүн Жаңы жылдык балаты уюштурган, 8-мартта коргоо министрлигиндеги аял кызматкерлерди куттуктоого акча бөлгөн; Балыкчыдан аскердик техникаларды саткан; коргоо министрлигине тиешелүү квартираны уулуна өткөрүп берген деген айыптар менен кылмыш ишин козгоду. Сот баштапкы эки айып боюнча И. Исаковдун күнөөсү жоктугун белгилеп, ал эми коргоо министрлигине тиешелүү квартиранын И. Исаковдун уулуна берилиши боюнча генералды айыптуу деп тапкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG