Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

БЭК адилеттик үчүн күрөшкө чакырды


Бириккен элдик кыймыл “өлкөнү жакшы жагына алмаштыруу үчүн күрөштү улантууну чечкенин” бүгүн тараткан билдирүүсүндө маалымдады. Анда ошондой эле И. Исаковго карата кечээ чыгарылган өкүм элдин жана аткаминерлердин үшүн алуу үчүн, атайын бурмаланып чыгарылды деп айтылат: “Бул алардан башкаруучу үй-бүлөнүн эркин кыйшаюусуз аткаруучу топту тарбиялоо максатында атайын жасалды. Бийлик саясий эркиндикти жана адам укугун чектеп, сөз эркиндигин кысымга алып жатат. Мамлекет өтө коркунучтуу чекке келип жетти, реформа деген шылтоо менен өлкөдө Конституциялык төңкөрүш жүрүп жатат. Орто кылымдардагы Кокон хандыгынын тартиптери орнотулуп, мамлекеттик бийлик бир үй-бүлөнүн карамагына ээ болуп калды,” деп билдирет оппозициялык кыймыл.

Оппозициялык бириккен элдик кыймыл 2008-жылы 24-декабрда түзүлгөн. Курамына жети саясий партия жана төрт коомдук кыймыл кирген бирикме өлкөнүн келечеги үчүн азыркы үй-бүлөлүк бийликти мөөнөтүнөн мурда кетирүү максаты менен бириккенин жарыялаган. Бүгүнкү күнгө чейин кыймылдын курамынан айрым саясий партиялар менен кыймылдар чыгып кеткени белгилүү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG