Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:04

“Азаттыкты” УТРК аркылуу эркин уктуруу талабы коюлат

“Азаттык” радиосунун угармандары кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаровдун билдиргени боюнча кыймылдын мүчөлөрү 28-январда УТРКнын алдына нааразылык акциясына чыгат. Анда “Азаттык” үналгысын УТРКнын радиотолкундары аркылуу, “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор”, “Азаттык+” теледолбоорлорун Улуттук телеканал аркылуу эркин уктуруу жана көрсөтүү талабы коюлмакчы. Ө. Токтоназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча иш-чара өткөрүлөрү тууралуу маалымдама бүгүн Бишкек шаардык мэриясына тапшырылды.

“Азаттык” үналгысынын теле жана радио берүүлөрү УТРК аркылуу март ыңкылабынан кийин Кыргызстандын бардык аймактарына кеңири таралып берилчү. 2008-жылдын ортосунан тартып, ар кандай себептерди негиз кылган УТРК жетекчилиги “Азаттык” менен кызматташуудан баш тарткан.(ZKo)
XS
SM
MD
LG