Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:39

М. Бакиев Кытай ТИМинин орун басары менен жолугушту


Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин башчысы, президенттин уулу Максим Бакиев Кытай тышкы иштер министринин орун басары Ван Гуанъя менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн президенттин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда М.Бакиев Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн көмөктөшүп жаткан Кытай өлкөсүнө ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосунда фонддук биржа аралык кызматташууну кеңейтүү тууралуу кеп козгоду.

Кытай тышкы иштер министринин орун басары өз кезегинде Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин башчысын Кытайдын мамлекеттик ири корпорациялары менен мамиле түзүүгө чакырды. Тараптар Шанхай кызматташтык уюму алкагында жүрүп жаткан алаканы мындан ары да өнүктүрүү тууралуу макулдашышты.

Ушул эле күнү Максим Бакиев Кытайдын "Эксимбанк" президенти Ли Жогу менен да жолугушуп, Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борборуна каражат тартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. (EK)

XS
SM
MD
LG