Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

Түркиянын премьер-министри Эрдоган Орусияда


Рэжеп Тайып Эрдогандын расмий визити эки күнгө созулат. Ал орус өкмөтүнүн башчысы Владимир Путин менен энергетика, экономика жана коопсуздук маселеси боюнча сүйлөшөөрү айтылды. Былтыр августта Путин Түркияга барып, Орусиянын “Түштүк агым” газ куурун ишке киргизүүгө Анкаранын колдоосун алууга жетишкен. Бул куур Евробиримдиктин “Набукко” газ кууруна атаандаш иштеши күтүлүүдө. Аталган эки куур тең Европага газды Түркиянын аймагы аркылуу алып өтүүнү көздөйт.

XS
SM
MD
LG