Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Таласта атып өлтүрүлгөн түрк ишкеринин өнөктөшү сотто күбө катары суралды


Бүгүн мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун иши боюнча соттук териштирүү уланып, анда күбө Рамис Кемелбеков көрсөтмө берди. Мурунку тышкы иштер министри Кытайдан келген каражатты пайдаланууда кемчилик кетирген, анын сыйлыкка алган тапанчасы менен Таласта түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деп айыпталууда. Бүгүнкү сот отурумунда Рамис Кемелбеков Таласта атып өлтүрүлгөн түрк ишкеринин жакын өнөктөшү катары суралып, Сервет Четинге ок чыгарган адамдарды тааный албай турганын айтты. А.Жекшенкуловго байланыштуу соттук жараян 15-январда улана турган болду.

БЭКтин лидерлеринин бири А. Жекшенкулов айыптарды четке кагып, оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн куугунтукка алынып жатканын билдирип келген. Кыргызстанда беш басылма былтыр жыл этегинде А. Жекшенкуловду “Жылдын адамы” деп тапкан. (EK)

XS
SM
MD
LG