АКШ мамлекеттик департаменти ирандык ядролук физиктин өлүмүнө Американын тиешеси бар деген айыптоону “абсурд” деп четке какты. Тегеран университетинин профессору Масуд Мохаммади кечэээ баш калаада бомбанын жарылуусунан каза тапкан. Иран бийлиги кол салуунун артында ошондой эле Израиль турат деп айыптаган. Иран маалымат каражаттары Мохаммадини режимдин колдоочусу катары сүрөттөшүүдө. Бирок ага чейин анын ысымы оппозиция лидери Мир Хоссейин Мусавинин тарапкерлеринин блогунда пайда болгон. Окумуштуунун өлүмү үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.